• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү жолдору кандай?

23 Чын куран 202616:00 Бишкек Govori.TV

Климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү жолдорун алдын-ала карап чыгуу көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө көмөк кылат. Мындай пикирин КР Президентинин тоо-кен өнөр жайы боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова билдирди.

Белгилей кетсек ушул күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында Борбор Азиядагы климат жана экология маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн аймактык экологиялык саммит өтүүдө. Үч күндүк иш-чарада мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана эксперттер суу тартыштыгы, климаттын өзгөрүүсү жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайып баратышы өңдүү көйгөйлөр, аларды биргелешип чечүү жолдору талкууланууда.

Количество просмотров: 126