• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМ диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

1 Аяк оона 2021 9:26 Бишкек Govori.TV

КР Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен учурдагы Афганистандагы болуп жаткан окуяларга байланыштуу КР аймагында социалдык тармактарда таралып жаткан ар түрдүү диний-экстремисттик маанайдагы чакырыктарга, постторго, кайрылууларга каршы туруу жана аларды алдын алуу максатында жалпы коомчулуктун арасында түшүндүрүү, агартуу иш-чаралары уюштурулууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Жалал-Абад, Ош, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын аймагында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, КР мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, жергиликтүү диаспоралардын, аксакалдар жана аялдар кеӊешинин, жаштар комитетинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандык активисттердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда диний экстремизмдин алдын алуу максатында жолугушуулар, семинар, тегерек столдор, кеңешмелер өткөрүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында өлкө аймагында тыюу салынган диний уюмдар жана алардын өзгөчүлүктөрү тууралуу баяндамалар жасалып, видео тасмалар көрсөтүлүп, экстремисттик жана террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.

Аталган иш-чараларды өткөрүү учурунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тийиштүү укук коргоо кызматкерлери тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга КР ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 5 миңге жакын усулдук буклеттер, эскертмелер таратылды.

Эскерте кетсек, республика аймагында өткөрүлгөн бардык иш-чараларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталды.

Количество просмотров: 94