Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салыш керек деген мыйзамды тобу менен колдобой койду.
Мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда каралды. Демилгечи 40 депутат болуп чыкты.
Мыйзам 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аймагында тоо кийиктерге — аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүүнү сунуштаган.
Талкуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов аңчылыкка тыюу салуу келген туристтердин санынын кыскаруусуна алып келет деген оюн билдирди.