• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Абакиров: «Чет элдик өкүл» мыйзамы чийки болуп калды

22 Бирдин айы 2024 13:46 Бишкек Govori.TV

«Чет элдик өкүл» мыйзамы чийки болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров билдирди.

«Бийликтин тыштан келген каражаттар түзмө-түз саясатка кийлигишпесин деген ниети бар, ал туура. Бирок бүгүнкү күндө мыйзамда ал нерселер каралган. Ал эми азыркы мыйзам өтө кенен жазылып калды. Чындыгында чоң геосаясий амбициялары бар өлкөлөрдүн мисалдарынан алынган мыйзам болуп жатат»,-деди Абакиров.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Документке 64 депутат “макул”, беш депутат «каршы» добуш берди.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 104