• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Абтандил Кулбараков: «Президентти ташыган учакты алмаштыруу керек»

20 Аяк оона 201811:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абтандил Кулбараков президентти ташыган учакты алмаштыруу керекетигин айтты.
“Биздин өлкө башчыларды, расмий делегацияларды ташыган 1993-жылы чыккан ТУ 154 учагы экен. 25-жыл мурда чыккан. Президент Ош жана Москвага иш сапары менен барган учурда катардагы каттамдар менен учуп жүрөт. Бирок атайын сапар учурунда бул ыңгайсыз. Кошумчалай кетүүчү нерсе, иш сапары учурунда президентибиз жалгыз учпайт,  аны депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, журналситтер коштоп жүрөт. Ошондуктан бул маселени кечиктирбей чечүү керек”, — деди Кулбараков.

Количество просмотров: 49