• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жолборс Жоробеков: Мадумаровго дагы бир кызматты берүү керек

12 Бештин айы 2018 9:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.12.2018. Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши жабылуусу керектигин айтты. Ал  Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди. Мындан улам иши жабылусу керек деп эсептейт. Ал арада «Республика Ата Журт» фракциясынан депутат Руслан Казакбаев Бабанов Кыргызстанга келе турганын айтып чыкты.

Экс-президенттин Өмүрбек Бабанов тууралуу билдирүүсү жана Бабановду Кыргызстанга алып келүү маселеси  тууралуу саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Марал” радиосуна маек берип жатып төмөнкүлөргө токтолду.

Жолборсмырза экс-президенттин бул билдирүүсүнүн төркүнү эмнеде болуп калды? ЖеАлмазбек Атамбаев Бабановдон колдоо издеп жатабы?

—Экс-президенткечээки айткан сөздөрү менен Бабановду, Текебаевди өзү тарабына өткөрүүгө,ошолор менен союз түзүүгө аракеттеринин бири. Бул жаш балага деле белгилүү болуп калды. Ошону менен Сегизбаевди, прокурорду чакырып алып айтканмын дегенинин баары чогулуп келип, Атамбаевдин президент кезиндеги жасаган кылыктарына факт болуп отурат.  Бул иштер  Атамбаевдин буйругу менен болгонун баарыбыз билчүбүз.  А бирок кечээ өзү баарын мойнуна алып, өзү кылганын эл алдында мойнуна алып койду. Бул кептерге кыргыз эли ишенет деп жатат. Бирок эл андайга ишенбейт. Атамбаев дагы деле өзүнүн дүйнөсүндө калгандай.

Эми Бабанов Кыргызстанга келиши мүмкүнбү?

-Албетте келет. Мен муну эбактан бери эле айтып келгем.  Мына азыркы президент шайлоо өнөктүгүндө оппонент  болгон  Улукбек Кочкоров кызматка келди. Демек  Бабановду дагы Кыргызстанга чакыруу керек. Керек болсо, Мадумаровго дагы бир ишти бериш керек. Бул жагынан кичинекей Кыргызстандын арабасын чогу тарталы деп бирдиктүү иш алып баруу керек. Ошондуктан Бабанов дагы Кыргызстанга келиши керек. Өзү саясатка келбесе дагы инвестицияны алдыга жылдыруу жаатында кызмат кылганы туура.

Анткен менен өлкө башчы менен президенттик шайлоодо маанай башкача эле… Эми президент айкөлдүк кылабы ?

—Жээнбеков азыр президент болуп шайланды. Аны Бабанов тааныды. Президентке карата каршылык көрсөткөн жок. Менин оюмча шайлоо алында боло эле берчү көрүнүш, айтыла берчү сөздөр. Бул жагынан өлкө башчы айкөлдүк кылат деп турам.

Количество просмотров: 24