• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутат Айдарова: Баткенде 32 жылдан бери таза суу ичип көргөн эмеспиз

11 Үчтүн айы 2024 13:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова Баткен облусундагы таза суу маселесин көтөрдү.

Депутаттын айтымында, Баткендеги Ак-Татыр, Самаркандек жана башка айылдарда суу маселеси чечилбей жатат.

«Жайында каналдан суу агат экен, аны тамак-ашына, кир жууганга колдонушат экен. Азыр кыш келип, каналдан да суу акпай, тазаланып, жуунганга эмес, ичкенге да суу жок деп айтып жатышат. Мен таза суу маселесин көптөн бери көтөрүп келе жатам, бюджеттен да акча бөлүнгөн, долбоор өтүптүр. Бирок ушул күнгө чейин биздин аким, мэр, губернатор, айыл өкмөтү аракет кылганын эл да көрбөй жатат, мен да көрбөй жатам. Мындай маселе башка облустарда да болсо керек. Бирок биз Баткенде 32 жылдан бери таза суу ичип көргөн эмеспиз. Эч болбосо азыр 21-кылым, таза суу маселесин чечип беришсе», — деди депутат Айдарова.

Количество просмотров: 96