• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Акаев Жамгырчиевдин үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылганын айтты

30 Жетинин айы 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин бүгүнкү жыйынында кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу жана видео жаздыруучу аппараттар табылгандыгын билдирип, төмөндөгүлөрдү айтты.

«Биздин депутаттыбыз Эмил Жамгырчиевди Конституцияны бузуу менен күч органдары кармап, чек ара постунан Бишкек шаарна алып келген. Муну менен анын чет  өлкөгө чыгуу укугу бузулду. Биз анын кармалышын, Кемпир-Абадды берүүгө каршы добуш бергендигине байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы иш козголуп, толугу менен райондук, шаардык жана жогорку соттон акталган. Бирок ошого карабастан учурда ишти кайра жандантуу аракети жүрүп жатат. Депутатат мыйзам долбоорлоруна «макул» добуш береби, «каршы» добуш береби ал үчүн жооп бербейт, ал биздин Башмыйзамда жазылган», — деди Акаев.

Количество просмотров: 479