Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматовдун сөөгү бүгүн, 2-мартта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, тууган-урук, кесиптештери барып, маркумдун адамдык сапаттарын, эмгекчилдигин эскеришти.
57 жаштагы депутат оорудан улам 28-февралда каза болгон.
Акматов 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Былтыр парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясы менен катышкан.