• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат Алиев комитет төрагалыгынан эмне үчүн кетип жатканын айтты

30 Жетинин айы 2022 11:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев парламент төрагасынын атына комитет төрагалыгынан кетүү арызын жазды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы отурумунда төрага Нурланбек Шакиев депутаттарга жарыялап, депутаттын арызы күтүүсүз болгонун айтты.

Андан кийин сөз алып сүйлөгөн депутат Медер Алиев комитет жетекчилигинен кетүү чечимин өзү кабыл алганын айтып, бирок Кемпир-Абад маселеси буга себеп болгонун билдирди.

«Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача айтып коеюн, өткөндө Кемпир-Абад боюнча маселе себеп болду», — деди Алиев.

Количество просмотров: 581