• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Медер Алиев менен Гуля Кожокулова студенттер менен жолугушту

6 Кулжа 202414:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев менен Гуля Кожокулова Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттерин кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда эл өкүлдөрү студенттерге депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылып, парламенттин тарыхы, түзүмү жана алардын функциялары жөнүндө маалымат беришти.

Ошону менен бирге депутаттар парламенттин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү, өздөрүнүн комитеттеги иштери тууралуу да айтып, анын ичинен жаштар арасында баңги заттарды колдонууну азайтуу, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытындагы демилгеленген мыйзам долбоорлоруна токтолушту.

Өз кезегинде студенттер да кызыккан суроолорун узатышып, жоопторду алышты.

Андан тышкары алар Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүнө көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жолугушуунун соңунда депутаттар студенттерди алдыга бийик максаттарды коюп, сапаттуу билим алууга чакырышты.

Количество просмотров: 115