Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.
Бул багытта Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев баяндама жасады.
Ал белгилегендей, соңку учурда өспүрүмдөр арасында баӊги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды колдонуу күчөп баратат. Мындан тышкары, дарыканаларда, интернет тармагында бул багыттагы заттар эркин сатылууда. Депутат ошондой эле баңги каражаттарына байланыштуу акыркы мезгилдеги статистикалык маалыматтар жана видео материалдар менен тааныштырды.
«Өспүрүмдөргө дарыканаларда сатылып жаткан психотроптук каражаттар, дары-дармектер дарыгерлердин уруксат кагазы менен гана сатылуусу керек. Дарыкана наркоманиясын токтотуу максатында саламаттыкты сактоо министрлиги, интернетте ачык сатылып жаткандарга бөгөт коюу багытында ички иштер жана санариптик өнүктүрүү министрликтери иш алып баруусу зарыл»,- деди Алиев.