• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат ант берип жатып Конституцияга колун койгонду унутуп калды (Видео)

29 Бештин айы 2021 12:52 Бишкек Govori.TV

№12 Өзгөн шайлоо округунан депутат болуп шайланган Элмурза Сатыбалдиев ант берип жатып, колун Конституцияга койгонду унутуп калды.

Депутат кечирим суроо менен колун Конституцияга коюп, ант берүүнү улантты.

Ант берүү аземи бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңеште өттү.

Элмурза Сатыбалдиев 55 жашта. Өзгөндүн Мырзаке айылында туулган. Кыргыз улуттук университетин аяктагандан тарта прокуратура тармагында иштеп, 2007-2009-жылдары өлкөнүн башкы прокурору болгон. 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2016-жылдын аягында сот тарабынан белгиленген жазанын үчтөн экисин өтөп, эркиндикке чыккан. 2019-жылы Октябрь райондук соту анын соттуулугун алып салган. 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Сатыбалдиев «Замандаш»  партиясы менен барган.


Количество просмотров: 2859