• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Ашимова Кыргызстандагы кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылды

25 Үчтүн айы 2024 13:38 Бишкек Govori.TV

Парламенттин 25-январдагы жалпы отурумунда депутат Динара Ашимова Кыргызстандагы аялдар жана кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылды.

Эл өкүлү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятты «медреселердеги сабактардын программасына жана мугалимдердин кимдигине көңүл бурбай жатат» деп сындады.

«Республикада 109дан ашуун медресе бар. Алардын жарымынан көбү кыздар менен аялдардын медресеси. Ал жакта кимдер иштеп, кандай мугалимдер кыздарга эмнени окутуп жатат, бул белгисиз. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буга көңүл бурбайт. Ал жакта кыздар болгону теологиялык гана илим алып, башка сабактар, адистиктер окутулган жок. Ошондуктан, кыздар медреседен кийин кайда барып иштешин билбей, экстремисттик агымдарга кирип кетип атышат. Учурда ушундай коркунучтуу тенденция бар. Кандай сабактар өтүлүп жатат, кандай мугалимдер берип жатат? Анан медресени бүткөндөн кийин эле күйөөгө тийип кетип, ажырашуулар көп болуп жатат. Мага кайрылуулар да келип жатат» — деди ал.

Количество просмотров: 92