• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат аскердик курал-техника алууга жарандардан акча чогултууну сунуштады

3 Тогуздун айы 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сунуш келтирип, аскердик техника сатып алуу үчүн жарандардын айлык маянасынан 200 сомдон алып туруу сунушун берди.

«Менин сунушум… Бүгүнкү күндө салык кодексинде иштеп жаткан 18 жаштан жогоруларга аскердик техника алуу үчүн ар бир айлыгынан 200 сомдон ай сайын берип турса, 1 миллион адам иштесе ар ай сайын эле 200 миллион сом түшүп турат экен. Муну беш жыл киргизип туруу керек. Акча тамак-ашка жана формага эмес, курал алууга гана резервге түшүп тура тургандай кылып. Буга өлкөнүн ар бир патриоту өз айлыгынан 200 сом берип турганга макул болсо керек деп ойлойм», — деди Атазов.

Количество просмотров: 281