• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Асылбаеванын талаштуу мыйзамын четке кагуу талап кылынды

29 Кулжа 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

«Медиа полиси институтунун» эксперттери «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун четке кагууну талап кылып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, мыйзам долбоору жетиштүү так формулировкаланган эмес жана жарандар бул мыйзамдын талаптарына туура келген же келбеген маалымат экенин алдын ала биле алышпайт. Бул өз кезегинде сөз эркиндигинин принциптерине коркунуч келтирет.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды.

Документ парламенттин 2-июндагы токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алды.

Бул мыйзам долбоору былтыр ЖК депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновалар тарабынан демилгеленип, коомчулуктун кескин сынына кабылган. Мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамды 2020-жылдын 3 — августунда кайра кароого жөнөткөн.

Количество просмотров: 451