Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов кыргыз-өзбек чек арасындагы коррупция бар экенин билдирди.
Анын айтымында, чек арачылар жарандарды өткөрүү үчүн акча алышат.
«Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан чек арадан өткөнү үчүн 100, 200, 300 сомдон алынат деген маалымат бар. Болбогон акча үчүн биздин өлкөбүдүн аброюн түшүрүп жатышат. Кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Акча талап кылып, мамлекетти шерменде кылбасын», — деди Ырысбек Атажанов.
Ошондой эле, депутат аталган чек ара постундагы Санитардык көзөмөл борборунун да кызаматкерлери акча алып жатышканын кошумчалады.