• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Атазов Байсаловду кызматтан алуу керек деп эсептейт

16 Кулжа 2023 15:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июнда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга келбегенине нааразы болуп, анын кызмат ордуна татыктуулугун кароо керектигин айтты.

Жыйында Маданият, маалымат, жаштар министрлигинин иштери боюнча маалымат угулуп жаткан.

Чакырылгандардын тизмесинде каржы министри Алмаз Бакетаев жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бар, бирок алар жыйынга келишкен эмес. Фракция лидери Бакыт Сыдыков аларга чара көрүү демилгеси карала турагынын айтты.

Ал эми Эдил Байсалов учурда Кытайдын Циндао шаарында өтүп жаткан Элдик дипломатия форумунун жана ШКУга мүчө мамлекеттердин боордош шаарларынын форумунун ачылышына катышууда.

Буга чейин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобу Эдил Байсаловду кызматтан алууну министрлер кабинетине сунуштаган.

Количество просмотров: 183