ЖАПАРОВ ГЕРМАНИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ
21-июнда Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Бишкекке келди. Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Германиянын президенттеринин расмий жолугушуусу өттү. Өлкө лидерлери кыргыз-немис кызматташтыгын, бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү экенин билдирди.
Өз кезегинде Штайнмайер Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин айтты.
ДЕПУТАТТАР МАДУМАРОВДУ ЖООПКО ТАРТУУГА УРУКСАТ БЕРДИ
Бүгүн, 22-июнда ЖК депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү боюнча маселени караган депутаттык комиссия өзүнүн корутундусун кабыл алып, ЖКнын кароосуна алып чыкты. Жалпы жыйында бул маселени жабык кароо чечими кабыл алынды.
Жабык жыйында парламент Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылды. Ал эми Мадумаров чечимди күтүлгөн нерсе экенин белгиледи.
Ал арада ЖКнын имаратынан алдына Мадумаровдун тарапташтары чогулду.
Эске салсак, 31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.
Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Динара Ашимова, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо кирген.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага «чыккынчылык» боюнча айып тагылганын «Азаттыкка» өзү билдирген.
КЕМПИР-АБАД ИШИ: СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮ БАШТАЛДЫ
Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абаш иши боюнча айыпталуучулардын ишин сотто алдын ала кароо отуруму өттү. Адвокаттар сот ишинин ачык өтүшүн, абактагыларды үй камагына чыгаруу боюнча келтирген өтүнүчтөрүн кароо үчүн танапис жарыялап, кеңешмеге кетти. Анын жыйынтыгында жумуш күнү аяктады деген жүйө менен ишти кароонун мөөнөтү 23-июнга жылды.
Сот залына УКМКнын тергөө абагында жаткан айыпталуучулар алынып келинди. Ал эми сот имаратына камактагы саясатчы, блогер, активисттердин жакындары чогулду.
Абактагылардын бири саясатчы Жеңиш Молдокматов сот залына кирип бара жатып, эч кандай тергөө болбогонун айтты.
Белгилей кетсек, абактагылар да, үй камагында жүргөндөр да киргизилди. Жактоочулар кирген соң, эшик жабылып, иш жабык карала баштады. Журналисттер менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.
Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Андан кийин алардын бөгөт чаралары каралып, камактагы мөөнөтү узартылып турган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан. Мындан тышкары «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандарга «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен да айыптар тагылган.
ЖК БАЙСАЛОВДУ КЫЗМАТТАН АЛУУНУ КОЛДОДУ
Жогорку Кеңеш бүгүн, 22-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселесин карап, колдоду.
Ушул эле күнү депутаттар бул маселени кезексиз күн тартибине киргизүүнү колдогон. Байсаловдун отставкасын кароо сунушун парламенттеги «Ишеним», «Ата Журт-Кыргызстан» жана «Мекенчил» депутаттык тобу берген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн.
Парламент спикери Нурлан Шакиев «Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын», бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирди.
Бул маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттар ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов «Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин» айткан.
ДЕПУТАТТАР АЙТЫША КЕТТИ
Коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынганына же жоюлганына карабастан президент, Жогорку Кеңештин депутаты, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албайт деген жобо киргизүү сунушталууда. Мыйзамдын долбоорунун авторлорунун бири депутат Жеңишбек Токторбаев мыйзам долбоорлору мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоонун алдын алууга багытталганын айтты.
Бул арада депутат Элмурза Сатыбалдиев сунушталып жаткан мыйзам долбоору Конституциянын нормаларына карама-каршы келерин айтып, башкаларды каршы добуш берүүгө чакырды. Мындан улам эки депутат кайым айтыша кетишти.
Ал эми депутаттар Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов аталган мыйзам долбоорлорунун концепцияларын колдоп, сунуш, сын-пикирлерди экинчи окууда кароо зарылдыгын белгилешсе, бир катар депутаттар мурда коррупция жана башка кылмыштарга айыпталып, кийин соттон акталган депутаттардын «акыл үйрөтүп» отурушу туура эмес деп эсептешет.
Натыйжада мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок