• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Казиного келген чет элдиктерге жеңилдик берүү сунушталды. Байсалов кызматтан кетеби?

21 Жетинин айы 2022 18:24 Бишкек Govori.TV

БАЙСАЛОВГО КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун дарегине сын пикирин айтты.

Бүгүн, 21-ноябрда ЖК комитетинин жыйынында сөз сүйлөп жаткан депутат Мажитова бийлик социалдык тармакка жетишерлик көңүл бурбай жатканын айтты. Анын айтымында бул тармакка жооптуу болгон Эдиль Байсалов өз ишине эмес саясатка киришип кетип жатат.

Депутатка жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соцтармак унутта калды деген пикирге кошулбайт. Анын айтымында, Эдиль Байсалов өз ишин так эле аткарып жатат, “А эгер вицелерди алмаштырууда кырдаал оңолсо анда биз ошондой кадамдарга барууга даярбыз”, — деп белгиледи ал.

Ошондой эле жыйын учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып жыл аягында ишин аткара албаган жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Белгилей кетсек бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууланды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып эл өкүлдөрүнө малымат беришти.

КУМАРКАНА МАСЕЛЕСИ

Чет элдиктерге Кыргызстандагы кумарканаларга визалык каттоого турбастан келип-кетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай жеңилдик каралган мыйзам долбоору бүгүн 21-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Министрлер кабинети демилгелеп, Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизги максаты Кыргызстандагы атайын оюн-зоок аймактарына келүүнү каалаган чет элдик жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо жана ошол аркылуу инвестиция тартуу, кошумча жумуш орундарын түзүү экени маалымдалды.

Эгер сунуш колдоо таап, президент кол койсо, «Тышкы миграция жөнүндө», «Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, кумарканага келген чет элдиктер виза толтурбай, документин каттатпай 15 күн бою жүрө алышат.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган эле. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Кумарканалардын чет өлкөлүктөр үчүн иштөөсүнө уруксат берген мыйзам быйыл бир катар талкуулардан соң кабыл алынган. 22-июнда парламентте жактырылса, президент Садыр Жапаров ал мыйзамга 30-июнда кол койгон.

КАМАЛГАН 6 АЯЛДЫН ИШИ

Массалык тополоң уюштуруп бийликти күч менен кулатууга камынган деген айыптоо менен кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активисттердин арасында 6 аял бар. Алардын эң улуусу 71 жашта болсо күчүүсү 28 жашта. Алар өлкөнүн келечегине кайдыгер карабай, өз позицияларын так билдирип келет.

ИСАЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

Биринчи май райондук соту 21-нобярда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Исаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Сот жараяны жабык болгон жана анын алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Исаевге козголгон кылмыш ишинде «жашыруун» деген гриф бар экенин маалымдаган, бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.

Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын, тергөө абагында 23-нобярга чейин болорун билдирген. Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн.

2017-жылы Исаев «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

АБАКТАГЫ АКТИВИСТТИН КАТЫ

Абактагы активист Илгиз Шаменов кат жазып, кысым болуп жатканын айтты. «Негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата айрым СИЗОнун кызматкерлери аркылуу кысым, негизсиз текшерүүлөр, кылган мамилелери, коркутуулар болуп жатат. Бул боюнча СИЗОнун жетекчилерине бир-нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок. Ошондой эле мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан дагы жабыр тарткан адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат билбейм? Ошол себептен коомчулука кайрылып жатам»,- деп жазылат катта.

Эске салсак, 17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) камакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Анын алкагында Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү кармалып, 20-декабрга чейин камалган.

Количество просмотров: 1383