• Жума 1 Бештин айы 2023
  • Пятница 1 Декабрь 2023

Депутат Атазов суракка кирип кетти

9 ноября 2023 в 11:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн 9-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал журналисттерге атайын кызматка суракка кирип баратып билдирди.

Атазов Бишкектин Свердлов округунда өткөн шайлоо боюнча тарапташтары суракка алынып жатканын, бүгүн өзү да күбө катары чакырылганын билдирди.

Эске салсак, бир мандаттуу Свердлов округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатына байланыштуу маселе жаралганын, шайлоодо ага иштеген бир канча тарапташы сурак бергенин “Азаттык” 2-ноябрда жазып чыккан болчу. Кийин бул тууралуу депутат өзү да тастыктап, президентке жана УКМК башчысына кайрылуу жолдогон.

Количество просмотров: 85