• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Депутат Атазов УКМКга сурак берип чыкты

9 Жетинин айы 202313:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалымат соцалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодо депутат өзү айткандай, Бишкектин Свердлов округунда өткөн шайлоо боюнча тарапташтары суракка алынган, өзү да күбө катары чакырылган.

“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема үгүтчүлөр тууралуу болду»,-деген ал.

Мындан сырткары ага «Матраимов менен байланышың барбы?» деген суроо узатылган.

«Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым”,-деп кошумчалаган ал.

Количество просмотров: 123