• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат: “Азаттыктан” уурулар, чындыктан качкандар гана коркушат

23 Үчтүн айы 2023 22:41 Бишкек Govori.TV

“Азаттыктан” уурулар, чындыктан качкандар гана коркушат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн Маданият министрлигинин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын угуп, өткөндөн сабак албаган акылсыз аракетке абдан таң калдым. Жабалы, тыйалы, соттойлу, блоктойлу, камайлы деген саясаттын арты кандай болоорун улам көрүп келатабыз. Ушундай терс аракеттерди токтотуп, жаратман иштерге убакыт коротуш керек. Маданият министрлиги жакынкы тарыхты унутуп, ак менен караны ажырата албай, башка иштин баарын кыйратып койгонсуп “Азаттыкты” жабуу менен алек болуп жатканы өтө кейиштүү көрүнүш.

1) Шылтоосу мындай. Баткен окуясында орус тилдүү “Настоящее время” көрсөтүүсү туура эмес маалымат чыгарган деп алгач “Азаттыктын” сайтын жаап, анан эсебин жаап, эми болсо ушул учурду пайдаланып таптакыр ишмердигин токтотолу деп киришишкен окшойт. Адилеттүүлүк үчүн айтканда, Баткендеги каргашада “Азаттыктын” кабарчылары күн-түн дебей ошол жерде иштеп, биринчилерден болуп эл аралык медиаларга да маалымат чыгарып, элибиздин ыйын, окуянын масштабын дүйнө коомчулугуна ыкчам көрсөтүп жатты, ошол видеолорду жүз миңдеген адамдар көрдү. Ошого алкыш айтыштын ордуна, эптеп бир ката таап, министрлик жабабыз деп сотко даттанып жатканы чоң ката жана өтө уят иш.

2) Кабатыр болгонум, кайсы бийлик келбесин мактоо, арноо айткан ММКлар гана жашашы керек деп, эркин, элдин үнүн чагылдырып турган медиаларга бут тоскон кошоматчылар азайбайт окшойт. “Азаттыкты” жаап, соттошуп абийир тапкан бийликти мен көрө элекмин. Жетекчилер таза болсо, кыңыр иштерге аралашпаса, элден эч нерсе жашыргысы келбесе, ачык-айкын иштейм десе эмне үчүн эркин медиадан коркушат? Иштей берсин, тоскоолдук кылбагыла деш керек да. Олуттуу, салмактуу, коомдогу терс көрүнүштөрдү, фактыларды “Азаттыктын”, андан башка 2-3 эле көз карандысыз медианын журналисттери иликтеп жатышат. Бюджеттен байыгандар, уурулар, кылмышкерлер – мындай иликтөөлөргө албетте каршы болушат.

3) “Азаттык медиа” мекемеси тууралуу сөз болсо, “туура, жабыш керек, булар бизге жакшылык” кылбайт деп шек санап жазгандар да бар экен. “Азаттыктын” кыргыз эли жакшылыгын эле көрбөсө, кымындай жамандыгын көрө элек. Ак ниет, адилет, өнүккөн коом болсок экен деген тилектеги эле журналисттер иштеген, иштеп келатышат. Кыргыз элинин чыгаандары Салижан Жигитов, Азамат Алтай, Шайлообек Дүйшеев, Султан Раев, Уланбек Эгизбаев, Султан Жумагулов өңдүү инсандар Сиз экөөбүзгө караганда элдин турмушуна көбүрөөк күйүп, акыйкат коомду курсак дегенде ак эткенден так этип келгенине бөркүмдөй ишенем.

Азыркы бийликке коомдогу окуяларды ачык айткан жарандар же көз карандысыз журналисттер коркунучтуу эмес, фактыларды бурмалап, коррупционерлерге ыктап, сот аркылуу баарын тыйып салалы деген кошоматчылар коркунучтуу», — деп жазат депутат.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды.

Сотко жолдогон доо арызында министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген пункту бузуп жатканын көрсөткөн.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук процесс 26-январга белгиленген.

Количество просмотров: 162