Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Анын айтымында, өкмөт бул маселеге көңүл бурбай жатат.
«Дүйнө жүзүндө мунайдын баасы арзандап жатса, бизде тескерисинче көтөрүлүп жатат. Жазгы талаа иштери башталды, дыйкандарга күйүүчү май жетишпейт. Өкмөт буга бир да чара көргөн жок. Андан тышкары азык-түлүктүн бардык түрү кымбаттап кетти. Антимонополия кызматы эмне кылып отурат? Өкмөт эмне кылып отурат?», — деди Тазабек Икрамов.