• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Байсалбек Эргешов менен Назарбаев куда болду

21 Бирдин айы 202018:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Байсалбек Эргешов кызын турмушка узатты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, куда тараптан Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болот Назарбаев келген.

Белгилей кетсек, кыз узатуу тою Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде өтүп, ага Өмүрбек Бабанов, Медеткан Шеримкулов жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары катышкан.

Количество просмотров: 811