• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Бакирдин Субанбеков Жапаровду колдоо митингине чыккандарды сындады

4 Жалган куран 2020 10:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мурунку Ички иштер министри, депутат Бакирдин Субанбеков сөз сүйлөп, 2-мартта уюштурулган Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучуларын сынга алды. Жыйында депутаттын сунушу менен митинг учурунда тартылган видео материал көрсөтүлдү.

“Өзүңүздөр күбө болгондой Жогорку Кеңештин кызматкерлерине бир топ аялдар тобу кол көтөрүп жатышат, кандай өлкөгө айланып бара жатабыз. Митингдин өтүүсүнө каршы эмесмин бирок, өлкөдө туруктуулук болуусу абзел. Биздин эле балдарыбызды экиге бөлүп бири-бирине каршы чыгарган чагымчылдар болуп жатат. Ушундай жагдайда биз улуу муундар жаштарга жол көрсөтүп, багыт берүүбүз керек. Чынын айтканда азыркы учурда милиция жетим баладай жалтаң болуп, чечкиндүү кадамдарды кыла албай келет. Аларга колдоо керек”, — деди депутат.

Эске салсак, 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн абакта отурган саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг башаламандык менен коштолгон. Кечки саат 6дан өткөндө агрессивдүү маанайдагы митингчилер Ак үйдү көздөй жөнөгөндө милиция алардын алдын тороп, эки тарап кагылыша кеткен. Атайын күчтөр суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонушуп митингчилерди таркатышкан. Чогулгандардын негизги талабы болуп саясатчы Жапаровду абактан чыгаруу болгон эле.

Количество просмотров: 403