• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Депутат Бакиров жаңы кызматка дайындалды

30 Жалган куран 202118:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Фонддун мурунку башчысы Жылдызбек Исакулов 2021-жылы февралда кызматтан кеткен. Аталган мекеменин башчысынын милдетин убактылуу төраганын орун басары Ишенбек Медетов аткарып турган.

Мирлан Бакиров 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ушул VI чакырылышта вице-спикер кызматын аркалаган. 2020-жылы 23-декабрда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 666