• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат балбандар Тыныбекова менен Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатканын айтты

14 Чын куран 202210:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште 14-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Монголиядагы Азия оюндарына бара албай жатканын билдирди.

«Финансы министрлиги Олимп оюндарынын күмүш медалдалдарынын ээлеринин билетине акча которбой жатат. Бул ошол министрликтеги кыргыз спортун түшүнбөгөн адистердин айынан болуп жатат. Алар болсо «фонд ачып, акчаны элден топтоп барбайсыңарбы» деп айтып жатышыптыр. Бул эмне деген мамиле?», — деди депутат.

Количество просмотров: 321