• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат: Баткен салыштырмалуу артта калган облустардын бири

6 Бугу 2021 18:14 Бишкек Govori.TV

Баткен салыштырмалуу артта калган облустардын бири. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, аталган облуста жол, суу маселеси өтө чоң көйгөй болуп турат.

«Коңшуларыбыздын жашоо-шарты менен салыштырганда кыйла артта калып жатабыз. Ошондуктан тез аранын ичинде болгон күчүбүздү Баткен облусуна жумшап, элибизге үмүт берген иштерди жасашыбыз шарт»,-деди Тиллаев.

Кошумчалай кетсек, Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Облустун чек ара кырдаалы оор болгондуктан, буга чейин да бир канча ирет өзгөчө макам берүү маселеси көтөрүлүп, муну менен көптөгөн жагдайды чечсе боло турганы айтылып келген.

Количество просмотров: 208