• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Депутат Бекешев: Жабык эшик артында чет жактагы операцияларга катышуу тууралуу маселе айтылган жок

3 Жалган куран 2022 16:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жабык эшик артында Кыргызстандын экономикалык абалы талкууланып жатат.

«Учурда Жогорку Кеңеш азыр Украинадагы кырдаалга байланыштуу өкмөттүн экономика, валюта базары жана башка тармактарда көрүп жаткан чаралары тууралуу гана маалыматын угуп жатат. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча кеп болгон жок»,-деди эл өкүлү.

Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстан Орусияга Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн аскердик жардам жана техника берүүгө макул экени тууралуу маалыматтар тараган. Юрий Поита аттуу Фейсбук колдонуучу баракчасында Казакстандын УКМКсынын мурдагы төрагасына шилтеме жасап, Тажикстан менен Кыргызстан Орусиянын басымы астында, жашыруун түрдө аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген деп жазган болчу.

Количество просмотров: 118