• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Депутат Бекешев Жекшеналиевдин камалышы боюнча пикирин билдирди

17 Баш оона 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Полит узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча пикирин айтты. президент Эл өкүлү бул тууралуу Телеграм каналында билдирүү калтырган.

«Ырыс Жекшеналиев деген баланы таанычу эмесмин. Аны 19 жашта жана блогер, активист деп жатышат. Бийлик аны таанымал кылды. Мен анын билдирүүлөрүнөн сындан башка кандайдыр бир чакырык тапкан жокмун. Эми 19 жаш, жалындап турган жаштык, 50-60 жаштагылар жаңылат. 19 жаштагы баланы камап, оор айыптоолорду койгон туура эмес. Сын үчүн эч ким камалбашы керек», — деген Бекешев.

Эске салсак, Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 704