• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Бекешевдин «өзгөчө» беткабы коомчулуктун көңүлүн бурду

25 Кулжа 2020 12:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына депутат Дастан Бекешев тагынып келген өзгөчө беткабы менен социалдык тармактын көңүлүн көтөрдү.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖКнын отуруму өтүп жатат. Анда 41 маселени карашы күтүлүүдө. Анын ичинде “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет. Бул мыйзам долбоору коомчулукта сөз эркиндигин ооздуктоо аракети катары катуу сынга алынган.

3-окууга “Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү”, “Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган акчаларды адалдоого каршы” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир катар мыйзам актыларын, Кодекстерди өзгөртүү, Кыргызстандын прокуратурасы тууралуу жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору киргизилет.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын, Түштүк Кореянын ортосундагы бир катар келишимдерди ратификациялоо маселесин карайт.

Ошондой эле бир катар мыйзамдарга, актыларга өзгөртүү киргизүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана башка мыйзам долбоорлору биринчи жана экинчи окууда каралат.

24-июнда күн тартибине коюлган 24 мыйзам долбоору түшкө чейин эле каралып бүткөнүн парламент депутаты Дастан Бекешев «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин жыйыны түз алып көрсөтүлүүдө.

Количество просмотров: 905