Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын Баш мыйзамга каршы келет деп табуу үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу Бекешев Твиттердеги баракчасына жазды.
«Бул Конституцияга каршы мыйзам, бирок депутаттар чай ичкенден кийин аталган мыйзам долбоорун колдошкон»,-деп жазды ал.
Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгечи болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол койгон. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта сын-пикирлерди жараткан. Документ кабыл алынганы менен аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес.