Азыркы бийлик «кустурабыз, төлөтөбүз» деген сөздү мода кылып алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында айтты.
«Азыр коомдо талап башка, бийликтин болсо сөзү башка болууда. Булар «кустурабыз, төлөтөбүз» дегенди аябай мода кылып алышты. Ишкер байлыгын өзүнүн адал эмгеги менен таптыбы деп эч ким карабай калды. Мыйзамды сактаган киши жок, биз мүлкүн чукуганды, жарыя кылганды жакшы көргөндөрдөн болдук», — деди Ормонов.