• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат бийликти Россиянын абагында жаткан кыргыз жарандарына көңүл бурууга чакырды

27 Чын куран 2023 11:14 Бишкек Govori.TV

ЖК жыйынында депутат Жанар Акаев балдары орус абактарында отурган ата-энелердин кайрылганын билдирип, алардын көйгөйүн айтты. Депутат Бишкекте ондогон адам чогулганын, бийликтен жардам күтүп жатканын билдирди.

«Кечээ бул жерге 200дөй ата-эне келиптир. Президентке киребиз деп кире алышпады. Өкмөттөн дагы жооптуу адамдар чыгып жолуккан жок. Алар бүгүн дагы жүрүшөт. Алар абакта отурган балдарын «Вагнер» сыяктуу уюмдар азгырып, согуштук аракеттерге мажбурлабайбы деп, балдары көздөрүн жалдыратып Кыргызстандан жардам күтүп отурганын айтышты. Башкы прокуратура бул жаатта ыкчам аракеттерди көрбөсө болбойт. Жакында президент Орусияга барып, бийлик өкүлдөрү сүйлөшкөндө эң башкы маселе ушул болушу керек деп ойлойм», — деди Акаев.

Количество просмотров: 48