• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Бишкек мэриясына нааразы болду

12 Тогуздун айы 2022 11:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги коомдук унаалардагы жол кирени көтөрүү сунушун сынга алды.

«Депутаттар Бишкек мэриясына кредит алып бердик эле. Жалпысынан 100 млн доллар алды эле. Муну биз жол кире көтөрүлбөсүн деп кылдык эле, автобус, троллейбус алсын деп. Бүгүн мэрия ал автобус, троллейбустарды алган жок, анысы аз келгенсип жол кирени көтөрөбүз деп жатат. Жүйөсү айлык көтөрүлүп жатат. Айлыгы көтөрүлгөндө мамлекеттик кызматкерлер эле, 30-40 пайыз. Бир колубуз менен айлыктарды көбөйтүп, экинчи колубуз менен жол кирени кымбаттатабызбы? Ошол автобустар эмне болгонун карап чыгалычы. Болбосо тариф маселеси акырындап отуруп социалдык жарылууга алып келет. Жөнөкөй эл кыйналып жатат да, ансыз да азык-түлүк кымбаттады. Муну тапшырма берип кароо керек», — деди Маматалиев.

Количество просмотров: 242