• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Депутат: Бишкек шаарындагы блокпосттор качан алынат?

30 Чын куран 2020 12:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы блокпосттор качан алынат? Мындай суроону бүгүн ЖКнын жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөт мүчөлөрүнө узатты.

Депутаттын суроосуна Ички иштер министри Жунушалиев жооп берип, шаар ичиндеги блокпосттор бүгүн түнү алынып, эртең жөө патрулдар жана жөнөкөй тосмолор гана калаарын айтты.

Ал эми эл өкүлү эртеңден тарта такси кызматкерлери жумушка чыгышаарын белгилеп, өткөрмө кагаздарын берип жетише аласыздарбы деги эле алардын зарылчылыгы барбы деп кызыкты.

Бул суроого: «Электрондук уруксат кагазын карап чыгууга бир мүнөттөй гана убакыт кетет. Андыктан берип жетишебиз. Биз пропусктарды таксисттердин так санды билүү үчүн берип жатабыз. Бизге саны керек», — деп Бишкектин коменданты Орозалиев жооп берди.

Количество просмотров: 694