Эске салсак, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага чыккан Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Шаардык соттун өкүмү окулаары менен күчүнө кирет. Демек Аида Салянова депутаттык мандатынан ажыратылышы керек.
«Ата Мекен» партиясынын тизмеси боюнча кийинки депутат болчу кезек Бакиевдин учурунда БШКнын төрайымы болуп иштеген, кийин Максим Бакиев тараптан коркутуп-үркутүү болгонун жарыялап, өлкөдөн качып кеткен Клара Кабилова турат.
Коомчулукта Клара Кабилова депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча БШК арыз жолдоптур, ошондуктан депутат болуу кезеги Ташболот Балтабаевге келиптир деген маалымат тараган.
Боршайкомдун басма-сөз катчысы Анарбек Авазбеков бул маалыматты четке каккан.