• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат болом дегендердин эң көбү жана азы кайсы округдарда катталды?

13 Тогуздун айы 202510:58 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздар кабыл алынууда.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы 30 округ боюнча 198 жаран талапкерлигин көрсөтүп арыз тапшырды. Азыркы күндөгү БШКнын маалыматына ылайык, талапкердин эң көбү, №1 шайлоо округунан тагыраагы 16 адам арыз берген.

Ал эми эң азы №11 шайлоо округунан, эки адам талапкерлигин көрсөттү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2025-жылдын 30-октябрында саат 18:00гө чейин (кошо алганда) аяктайт.

Количество просмотров: 366