Бүгүн, 12-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев Кыргызстандан экспорттолгон сүттүн көлөмү эки эсе көбөйгөнүн белгилеп, себебин сурады.
“2016-жылы 19700 тонна сүт, андан кийинки жылы 35 миң тонна сүт экспорттолуптур. Көлөмдүн эки эсе көбөйгөнүнө эмне себеп болуп жатат? Сырттан көп мал-жандык сатып алдыкпы же биздин уйлар 10 литрге чейин сүт берип баштадыбы? Буга чейин айыл чарба министринин орун басары айткандай, биздин букалар сүт бере баштадыбы? Буга эмне себеп болуп жатат?”, — деп сурады Эрбаев.
Ал эми айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов буга асыл тукум сүт багытындагы уйлардын келиши себеп болгонун айтты.