• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилген

23 Кулжа 202614:19 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 23-июндагы жыйынында айтты.

Отурумда депутат Элвира Сурабалдиева “атайын кызмат коррупциялык иштерге тиешеси бар кадрлардан тазаланып жатабы?” деген суроо берип, Алишер Эрбаев жооп кайтарды.

“Башкы прокуратура элден келген 386 арыз боюнча тиешелүү иштерди алып барып жатса керек. Купуя сырлар да бар. Аларды айта албайбыз да”, — деди Алишер Эрбаев.

Количество просмотров: 14