Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чек арада болгон чыр-чатактардан улам 4 жарандын камакка алынганын сындады.
«Чек арадагы коопсуздукту орното албай, ал жердеги жашоочуларды камаганга кандай укугуңар бар? Мыйзамда ар бир жаран өзүнүн оюн эркин айтканга укугу бар. Аларды силер коргобосоңор, ким коргойт? Ошол үчүн укук коргоо органдарына баа беришибиз керек», — деди Орозова.