• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат чек арада жашаган тургундарга курал берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору талкууга коюлду

23 Аяк оона 202216:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары чек арага жакын аймактардын жашоочуларына курал-жарак берүү сунушталган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документ парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, 20 жашка толгон жарандарга курал-жарак берилип, тышкы коркунуч жаралган учурда аны колдонуу укугу болушу керек. Ошол эле маалда курал колдонууга уруксат ала турган жарандар атайын окуудан өтүп, курал колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча билимдери текшерилет.

«Чек атага жакын өзгөчө макамдагы аймактардын тургундары сырткы коркунуч жаралган учурда өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо үчүн курал-жарак колдонуу укугуна ээ болушу керек», – деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Количество просмотров: 382