Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аскер прокуратурасы тарабынан суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат өзүнүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Бекешевдин айтымында, ал прокуратурага Суу кодексине өзгөртүлөрдү киргизүүгө добуш берүү маселеси боюнча чакырылган.
«2016 же 2017-жылдары Суу кодекси боюнча добуш бергенбиз. Ал мыйзам менен Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн иштетүүгө урусат берилген. Мен анда каршы добуш бергем. Ал мөңгүлөрдү иштетүүгө бербеш керек болчу деп эсептейм. Анда коррупция болгон деп териштирип жатат окшойт», — деди ал.