Бүгүн, 18-февралда партия лидерлери Эльдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова өз күчтөрүн жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бириктиргенин жарыялады.
Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн бириккен саясатчылар бүгүн маалымат жыйын берди. Анда биригүү жөнүндө меморандумга кол коюу жана бирдиктүү партия катары Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуусу, ошондой эле партиялардын лидерлери менен өкүлдөрүнүн жалпы максаттары жөнүндө журналисттерге жана коомчулукка кенен маалымат берди.
Иш-чара Бишкектеги мейманкалардын биринде өттү. Анда иш-чарага келген Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир нече адам бириккен лидерлердин катарына кошпоону талап кылды.