• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: “Достук” бекетинен Өзбекстанга өткөн элдерибиз абдан кыйналып жатыптыр

11 Бугу 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өткөндөрдөн мыйзамсыз акча талап кылынып жатканын Жогорку Кеңештин 11-майдагы жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыкты. Ал парламент төрагасына кайрылып, маселеге көңүл буруу үчүн бажы жана чек ара мекемелерине тийиштүү тапшырма берүүнү өтүндү.

«“Достук” бекетинен Өзбекстанга өткөн элдерибиз абдан кыйналып жатыптыр. Анткени экиге бөлүнүп калыптыр – акча берип өткөндөргө өзүнчө, акча бербегендерге өзүнчө пост бар экен. Бул эмне деген нерсе? Ошого протоколдук тапшырма берип койсоңуз бажычыларга жана чек арачыларга. Мындай болбойт да. Бүт соода-сатык жана мамилелешкен Өзбекстан менен чек арада бул чоң көйгөй болуп жатыптыр”.

Количество просмотров: 52