Бүгүн, 10-марттагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Жыйын учурунда депутат Камили Талиева эттин баасы өсүп жатканын белгилеп, калктын аярлуу катмары үчүн бааларды жеткиликтүү кылуу зарыл экенин айтты.
«Бизде азык-түлүк баа абдан өстү. Биринчи орунда ушундай баа кыйынчылыгына тушуккандар майыптар, социалдык мүмкүнчүлүгү чектелгендер, пенсионерлер, жакыр үй бүлөлөр азыр айлап эт жебей калды», — дейт депутат.