Айтилек Орозбеков аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазган пикири үчүн кармалганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов 2-ноябрда билдиргенин “Азаттык” жазды.
Жактоочунун айтымында, Айтилек Орозбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга чакырыктар беренеси боюнча айып тагылууда.
УКМК бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.
Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча, Орозбековдун бөгөт чарасы 2-ноябрда сотто каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алынган.
Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы, кийин “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык партиясынын мүчөсү болгон.