• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Ибраев Жээнчороевге: Мен сиз менен соттошуп, же эркекче жекеме-жеке чыгышым керек

29 Аяк оона 2021 12:49 Бишкек Govori.TV

Отставкага кетип жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин жыйынына келип, кызматтан кетип жатканынын себеби боюнча эл өкулдөрунү суроолорун жооп берүүдө.

Жыйын учурунда сөз алган депутат Самат Ибраев кесиптеши Мирлан Жээнчороевге кайрылып, «мен сиз менен эки гана жолду көрүп турам, же соттошушум керек же эркекче жекеме-жеке чыгышым керек» деп билдирди.

«Менин дарегиме ар кандай терс пикирлер айтылып жатат. Бири-бирибизге андай сөздөрдү айтпайлы. Мирлан Жээнчороевге ушундай сунуш айтат элем, мен сиз менен эки гана жолду көруп турам. Же мен соттошушум керек же эшикке чыгып эркекче жекеме-жеке чыгышым керек. Мындай нерсе эч качан бул жакта кайталанбашы керек. Жакшы сүйлөгөндү үйрөнөлү», — деди ал.

Жооп кайтарган Мирлан Жээнчороев эч кимдин атын атабаганын айтып, соттошконго даяр экенин билдирди.

Буга чейин депутат Жээнчороев «Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду эл аралык шылуундар ар кандай акция, коомдук угуулар, Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуу кетиргендей болуп калды», — деген пикирин айткан болчу.

Количество просмотров: 548