• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Иманалиевге: Балдарга эмне үчүн Нарын дарыясында крокодил кездешпейт? деген логикалык суроо берип көрүңүз

1 Жалган куран 2023 16:46 Бишкек Govori.TV

Мектептерде окуучуларды ойлонууга, талдоо жүргүзүүгө үйрөтүшпөйт. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Тамаша иретинде айта турган болсом, балдарга «эмне үчүн Нарын дарыясында крокодил кездешпейт?» деген суроо салгыла. Алар ушул сыяктуу логикалык суроонун түйүнүн чече алабы? Балдарды талдай тургандай, суроо бере тургандай кылып тарбиялашыбыз керек» – деди Бекешев.

Иманалиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда мектептер 3 гана багыт боюнча окутса, дүйнөдө 8 багыт боюнча окутулат.

«Мисалы, бизде лидерлик сапаттарга окутуу жок. Алар мектепти аяктаганда 8 багытты билүүсү зарыл. Жоопкерчилик бир гана мугалимдерде эмес, ата-энелерде да болот», — дейт Каныбек Иманалиев.

Эске салсак, 2016-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы «Эркин-Тоо» басмаканасын менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин кайра жанданткан. Бул иште парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев фигурант катары көрсөтүлгөн. Бул боюнча ошол кездеги депутат Иманалиев бул факт боюнча менден кылмыш издөө — Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар деген пикирин айткан. Анын бул билдирүүсү шакаба-мэмге айланган.

Количество просмотров: 522